Түп районундагы Михайловка айылында муздаткычтын ичине камалып калып каза болгон балдардын видеосун таратып жибергендер аныкталып, кызматынан эскертүү жана сөгүш алышты. Белгилүү болгондой, балдарды муздаткычтан алып чыгып келе жатканда видеого тартып алып, аны социалдык тармактар жана мессенжерлер аркылуу таратып жибергендер милиция кызматкерлери болушкан. ИИМдин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, алгач аларды издөө иштери жүрүп, ички кызматтык иликтөөдөн соң видеого тартып алган кызматкерлер аныкталган.
"Видеону кызматкерлер иштеген ишине байланыштуу керектүү материал иретинде жана профилактикалык иш максатында эмес, жөн эле тартып алышканы аныкталды. Алардын жоопкерчиликсиздигинен жана шалаакылыгынан укук коргоо кызматкерине тийиштүү эмес, жат иш-аракет жасалган. Милиция кызматкерлеринин үстүнөн мындай абал учурунда жетекчилик тарабынан тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүлбөгөнү аныкталды. Мындан улам кызматкерлердин профессионалдык деңгээлин жогорулатуу үчүн тиешелүү иш-чаралар жасалып турушу керектиги боюнча эскертүү берилди.
Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин этикасы боюнча кесиптик Кодекстеги дисциплинардык уставдарды бузганы үчүн Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн бир катар кызматкерлерине дисциплиналык тартипте чаралар көрүлдү. Анын ичинен Түп РИИБинин аймактык тескөөчүсү Ж.Ч.га кызматтык жоопкерчилигин аткарбаганы үчүн эскертүү берилсе, ушул эле РИИБде иштеген аймактык тескөөчү С.К.га катуу сөгүш берилди", - деди басма сөз кызматы.
Окуянын чоо жайына-кайрылсак:
3-июнь күнү саат 11:55 чамасында 4 жана 6 жаштагы эки бир тууган үйдүн короосунда ойноп жатып дайынсыз жоголуп кетишкен. Мындан улам балдардын ата-энеси милицияга кайрылып, аларды издөө иштери кечке чейин улантылган. Болжол менен саат 17:00дө үйдүн короосунда турган эски муздаткычты ачып көрүшкөндө балдар муздаткычтын ичинде болгон. Алар ойноп жатып муздаткычтын ичине камалып калып, тумчугуп калышкан.