Президент депутаттарга "сиздерди абдан чоң иштер күтүп турат" деп айтты

"Жакшы эс алып келиңиздер, сиздерди абдан чоң иштер күтүп турат" деп бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

"Өткөн аптада саясий мааниси чоң иш-чаралар болуп өттү. Кыргыз өлкөсүнө Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Монголиянын президенти урматтуу Халтмаагийн Баттулга, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди расмий сапары менен келип кетишти.

Андан кийин Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын саммитин жемиштүү өткөрүп алдык. Бул сапарлар Кыргыз өлкөсүнүн аброюн эл аралык деңгээлде көтөрдү. Биз элибиздин намыстуулугун, мекенчилдигин дагы бир ирет дүйнөгө даңазаладык.

Аталган иш-чараларга депутаттар катыштыңыздар, сиздердин да салымыңыздар чоң. Алдыда шайлоочулар менен жолугушуулар башталат, андан соң бир ай эс аласыздар. Жолугушуулар ийгиликтүү болсун. Эс алып, кайра келиңиздер. Сиздерди абдан чоң иштер күтүп турат", - деди өлкө башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан