Былтыр каржы ишин жакшыртуу багытында 476 эскертүү жана 123 сунуштама берилген. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеште Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди.
"Аудиттин жыйынтыгында каржы ишин жакшыртуу багытында 476 эскертүү жана 123 сунуштама берилди. Анын ичинен өкмөткө 18 сунуштама жөнөтүлдү. Эсептөө палатасы укук коргоо органдарынын кароосуна жалпы суммасы 786 миллион сомду түзгөн 49 материалды жөнөттү, анын ичинде прокуратура органдарына 34 материал, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына 11 материал, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине 4 материал жөнөтүлгөн. Алардын негизинде 7 кылмыш иши козголуп, 15 материал кошумча текшерүүгө жөнөтүлгөн, 12 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылды, 15 материал башка кылмыш иштерине тиркелди", - деди Марипов.