Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын 2018-жылы аткарган иши боюнча маселе каралды.
"Эсептөө палатасы президенттин аппаратын, УКМК, өкмөттүн аппаратын дагы текшереби?" деп суроо салды депутат Ирина Карамушкина.
Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов: "Албетте, бирок айрым нерселерди ачыктай албайм. Мисалы, президенттин аппараты, УКМК, өкмөт жана президенттик аппарат башкармалыгы боюнча жашыруун материалдар бар. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын өз убагында Жогорку Кеңешке жана өздөрүнө жөнөткөнбүз", - деди Марипов.
"Бул органдарда каржы тартибин бузуулар барбы?" деди депутат.
"Өтө чоң эмес каржы тартибин бузуулар бар" деп кошумчалады Марипов.