Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеште КТРКнын 2018-жылдагы иши жөнүндө Байкоочу кеңештин отчёту угулууда.
Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.
Депутат Камчыбек Жолдошбаев "КТРКнын директору Илим Карыпбеков кызматынан кетип жатканда корпорациянын кызматкерлери тай союп, түлөө өткөргөн экен. Сиздерге кандай устукан тийди?" деп сурады.
"Бул чындыкка жакындыгы жок, ушак. Эч ким тай союп, түлөө өткөргөн эмес, жамаатта да андай болгон жок", - деди Жекшеев.
"Сизди чакырган эмес. Ал жакка бардыгынын барганын далилдеген сүрөттөр бар. Сизди эмнеге чакырмак эле, туура эмес жүрсөңүз" деди депутат.