Депутат байкоочу кеңештин төрагасына канча айлык аласыз дегенине: "Бир тыйын албайм, анан дагы сизге отчёт берем"

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеште КТРКнын 2018-жылдагы иши жөнүндө Байкоочу кеңештин отчёту угулду.

Жыйында КТРКнын байкоочу кеңешининин төрагасы Жыпар Жекшеев баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Депутат Бахадыр Сулейманов байкоочу кеңешининин төрагасына кайрылып: "Сиздер канча айлык акы аласыздар?" - деди.

"Биздин айлык абдан көп, нөл, нөл, нөл. Азыр ким бекер иштейт экен? Биз бир тыйын албайбыз. Сиздер мыйзамды ушундай кабыл алып койгонсуңар, ага ылайык, биз бул жакка келип дагы сизге отчёт берүүгө милдеттүүбүз", - деди Жекшеев.

"Мына сиз 2 жылдан бери КТРКнын байкоочу кеңешин башкарып келесиз, кандай иштер аткарылды?" - деди депутат.

"Ал нерсе мыйзамда так жазылган", - деди Жекшеев.

"Аны биз билебиз, сиз айтсаңыз", - деди депутат.

"Көп нерсе жасалды, анын баарын айтсам 30 мүнөт убакытты алат. Биздин колубуз кыска, мен аткарылган иштер боюнча кат жөнөтөйүн", - деди Жекшеев.

Буга депутат: "Сиз Карыпбековдун ордуна эле келгениңизди билем. Башка эч нерсе көргөн жокмун. Бул коомдук корпорациябы же мамлекеттикпи?"

"Сиздер мыйзам кабыл алгансыздар. Коомдук статусу бар мамлекеттик ишкана деп жазгансыздар. Ушул карама-каршылыктын айынан учурда эки отургучта отурабыз. Азыр кайсы жакты карай турганыбызды билбейбиз. Бул нерсенин баары сиздердин колуңуздарда", - деди Жекшеев.

"Бюджеттен акча алсаңыздар көз каранды болосуздар да", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан