Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеште КТРКнын 2018-жылдагы иши жөнүндө Байкоочу кеңештин отчёту угулду.
Талкуу учурунда депутат Бакирдин Субанбеков эмне себептен алып баруучулар бат-бат алмашып турарына кызыкты.
"Орусиянын Биринчи каналында Екатерина Андреева деген алып баруучу 15-20 жылдан бери жаңылыктарды алып барат. Ал эми бизде бат-бат эле алмаша берет, бул эмнеден улам болууда", - деди депутат.
Буга КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулу: "Алардын иштөө графиги ошондой, бизде алып баруучулукка үйрөткөн атайын курстар бар, ал жакка атайын мугалимдер чакырылып окутулат. Учурда бул катачылыктардын үстүндө иш алып барып жатабыз", - деп жооп берди.
Ал эми КТРКнын байкоочу кеңешининин төрагасы Жыпар Жекшеев: "Айлык акынын аздыгынан кызматкерлерибиз менчик каналдарга кетип калып жатат", - деп кошумчалады.