Билим берүү жана илим министрлиги 2019-жылкы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын жарыялап, эң жогорку баллга ээ болгон 10 окуучунун тизмесин көрсөттү.
Нуртегин Колбаев Бишкек шаардык №70-гимназия окуу тарбия комплексин аяктап жатат. SUPER.KG порталы Жалпы республикалык тестирлөөдөн 234 балл алып, өлкө боюнча 2-орунду ээлеген бүтүрүүчү менен маек курду.
- Нуртегин, биринчиден куттуктайбыз, ЖРТга канча убакыт даярдык көрдүң? Жыйынтык ушундай болот деп күттүң беле?
- Жаңы жылдан кийин, февраль-март айларында даярдык көрө баштагам. Эч кандай атайын ЖРТга даярдоочу курстарга деле барган жокмун. Ал жактан эч кандай пайда болбосун түшүндүм, анан үйдөн эле өз алдымча даярдандым. Күтүүсүз болду 200гө чейин жетем деп ойлогом, бирок өлкө боюнча экинчи болом деп күткөн эмесмин. Орус тилинен келген тапшырмалар оор болот го дегем, бирок жакшы болду, математика деле татаал болгон жок.
- Мектепти кандай бааларга окудуң? Кайсы сабактар жагат?
- Мектепти башында "бешке" окудум, кийин "төрт", кээде "үч" алган күндөр болду, бирок аларды кийин оңдодум. Математикалык класста окугандыктан математика, информатика сабактары жагат. Башка классташтарымдай эле окудум, бош убактымда техника буюмдарын оңдойм, футбол ойночумун, кээде компьютердик оюндарды ойнойм, китеп окуйм баарынан бир аз-бир аздан.
- Кайсы кесипти тандадың?
- ЖРТнын "алтын сертификаты" мага өлкөбүздүн бардык ЖОЖдоруна өтүүгө, гранттык негизде окууга шарт түзөт. Мен IT-технологиялар факультетине окугум келет. Анткени келечеги бар. Азырынча кайсы окуу жайга тапшырарымды тандай элекмин. Ата-энем менен да кеңешишим керек.
- Бүтүрүү кечеңер качан болот? Барасыңбы?
- Мектепти аяктадым, мугалимдеримди, досторумду, мектептин ашканасын сагынам го эми. Бүтүрүү кечебиз 25-июнда болот, бирок мен барбайм. Билбейм, баруунун эч кандай маанисин көрбөй турам. 24-июнда сертификатымды алам.
Класс жетекчиси Наталья Громова Нуртегинди жоош, токтоо деп мүнөздөп, көбүрөөк профилдик предметтерге кызыгарына токтолду.
"Колбаев Нуртегин менде 5-класстан баштап окуду. Мен математиканы тереңдетип окуткан классты алган болчумун. Ал аябай токтоо, мүнөзү жоош, башкалардан өзгөчөлөнүп турчу. Химия, математика, информатика, геометрия сабактарынан аябай жакшы окуган. Аябай тыкан, тартиптүү бала", - деди мугалими.
Ал эми өлкө боюнча эң көп баллды (238) Жалал-Абад облусундагы Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Элдияр Чормонов алды. SUPER.KG порталы мындай жогорку көрсөткүчкө ээ болгон бүтүрүүчүлөр менен маектешүүнү улантат.