Камчыбек Ташиев: "Матраимовдорго жалаа жабуу эмне үчүн жазасыз калышы керек?"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын туугандарынын ысымдарына байланыштуу соңку журналисттик иликтөөлөр тууралуу үн катты. Ал бул тууралуу пикирин "Майдан.кг" гезитине берген маегинде билдирген.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, ага баарынан мурда адилеттүүлүк маанилүү.

"Матраимовдор боюнча "Бешинчи каналда" материал жарыялангандан кийин өз оюмду айтып коюуну чечтим. Ага чейин бул теманы "Азаттык" көтөргөн болчу. Анда Али Токтакуновдун айткан сөздөрү жалган. Буга ким жооп берет? Адамга жалаа жабуу аракети эмне үчүн жазасыз калышы керек? Жакында эле хирург Сабырбек Жумабеков Матраимов тууралуу жакшы сөз айтып койсо, аны "душман" көрүп калышты. Райымбек Матраимовдун кайрымдуулук иштери элге жакшы маалым. Андай иши өтө көп. Азыр эми мени да түрдүү фейктер жана "дүжүр" адамдар каралап баштаса керек. Бирок мен андан коркпойм. Элге чындыкты айтып коюуну милдетим деп билем", - деген Ташиев.

Экс-депутаттын баамында, эгерде Райымбек Матраимов күнөөлүү болсо, анда эбак эле мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылмак.

"Журналисттердин жасалма документтери эмес, анын айыбын далилдеген документтер чындап бар болсо, жоопкерчиликке тартпай коюшмак беле? Мындай болсо, анда мен биринчилерден болуп аны жоопкерчиликке тартууга чакырмакмын. Далил бергиле, көрсөткүлө, алар жок болсо, анда анын бүт үй-бүлөсүн кошуп каралоо, аларга жалаа жабуу - адилетсиз. Мен эч кимди коргобойм, болгону өз пикиримди жарыялап коюуну туура көрдүм", - деген Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан