Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл чаралары маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы белгилегендей, жүргүзүлгөн масштабдуу иштердин натыйжасында Кыргыз Республикасынын ветеринардык тутуму Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына эквиваленттүү деп таанылгандыктан ветеринардык көзөмөлдү жакшыртуу маселеси маанилүү жана актуалдуу болуп саналат.
Өкмөт башчы эпизоотикага каршы чараларды ишке ашырууга быйылкы жылы 130 миллион сом бөлүнгөнүн айтты. "Бул мал азыктарынын сапатын керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгында камсыздоо, аларды Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына дал келтирүү үчүн зарыл. Бардык эпизоотикага каршы иш-чараларды жана алдын алуу чараларын жүргүзүүгө тең салмактуу жана сапаттуу мамиле жасалышы керек. Өкмөт санариптештирүүнү көңүл чордонуна коюп жаткандыктан электрондук ветеринарияны киргизүү күч-аракеттерин активдештирүү зарыл. Бул ички рыноктун талаптарына жооп берет жана экспорттук потенциалды бекемдөө кызыкчылыктарында кызмат өтөйт", - деди Абылгазиев.