Азамат Байматов өзүнүн дарбазасына гол киргизип алды. "Дордой" түркмөнстандык "Алтын Асырга" 1:3 эсебинде жеңилди

Бишкектик "Дордой" футбол клубу "Алтын Асырга" 1:3 эсебинде утулуп калды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн футбол федерациясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Ашхабадда өткөн оюндун 23-мүнөтүндө түркмөнстандык Алтымурад Аннадурдыев дарбазага топ киргизип эсепти ачкан. 62-мүнөттө “Дордойдун” оюнчусу Азамат Байматов өз дарбазасына гол киргизип алган. Ал эми 86-мүнөттө Эрнист Батырканов каршылашынын дарбазасына топ киргизсе, акыркы голду "Алтын Асырдын" Мурад Ягшиев аттуу оюнчусу 89-мүнөттө киргизген.

"Дордой" клубу "Алтын Асыр", "Истиклол" жана "Худжанд" клубдары менен биргеликте D тайпасына туш келген. Аталган клубдар өз ара 2 жолудан беттеш өткөрүп, эң көп упай топтогон команда мелдештин плей-офф баскычына чыгат. 4 оюндун жыйынтыгы менен тайпанын сап башында 7 упай топтогон "Истиклол" клубу турса, "Дордой" командасы 4 упай менен акыркы орунда жайгашкан.

"Дордой" - "Алтын Асыр" 1:3
Байматов өз дарбазасына гол киргизип алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
nurik838383
2019-06-20 09:51:45
Талтандап тамашоуга барып өзүнү Рамоско окшоштура бербей футболду ойночу сен
+32
Aza17
2019-06-20 11:52:22
30 жаштан откон, талтанбайларды ойундан четтетуу к.к
30 жашка чейин ойногонду оздоштуро албадынбы? аянтты жаштарга бошотуп бер жаштарда оздорун сынап коруусу к.к. Талтанбайлар орунду келечеке жаштарга бошотуп бергиле!
+11
Mars575
2019-06-20 10:14:12
Озу чыныгы спортчу шоумен болду ХХХХХХ, Макрогерге окшоп. Чыныгы спортчу шоу поу квн свн жылдыз болбойт.
+11
Kanybek121195
2019-06-20 10:37:57
Бул эми турган эле сөз да. Роналду Рамос болуп жөн эле өзүн Мега звезда сезип алган эле.
+13
Skarlett-Skarlett
2019-06-20 10:55:50
Уят эле,койрондугун иий,кондойлугун эми байкадыыыым.
+3
interpol
2019-06-20 11:38:21
Кыргыз футболунун деңгели ушул болуп атса не кылсын анан?
Же бир жакшырак оюун талаа жок. Жакшырак шарт жок. Зато корупция боюунча уурулук боюунча эч бир өлкөгө биринчиликти бербейбиз
+3
bek_tash
2019-06-20 11:54:23
interpol, Оралбаган орок тандайт! Шарт жок десең жүрөбересиң. Аракет кылыш керек көрүнгөндүн тоюнда, концертинде жүрөбербей.
+7
Kylychisa
2019-06-20 12:19:56
Алай барганда утмак буларды
+5
bond02
2019-06-20 13:08:19
Аа, каршылаштын дарбазасына киргизе албай озунукуно киргизиптир да.
+5
Bodibilding
2019-06-20 13:27:52
Бул ОЗУ кыйратып деле ойной албайтко дагы озун Рамоско окшотуп койгонун кара булуарга караганда биздин айылдын чалдары жакшы ойнойт.
+4
tular
2019-06-20 23:23:23
Ушуну кантип оюнчу кылып алып журот....
0
senchi
2019-06-20 23:45:56
Азамат сен тамашоуга бир команда түзуп, ошол жака эле барчы сураныч.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан