Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеште депутат Евгения Строкова билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын ишине нааразы болду.
“Жакында Жогорку Кеңештин комитети аталган министрликтин ишин текшерүү боюнча жумушчу топтун маалыматын укту. Көпчүлүк добуш менен комитет тарабынан министрдин иши "канааттандырарлык" деп табылды. Комитет жыйынынын алдында министр депутаттардын кабинетин кыдырып жатканын көргөндөр бар. Жумушчу топтун чечиминде окуу китептериндеги кеткен каталарда анын күнөөсү бар экени жазылган. Ал күнөөнү өзүнүн орун басарларына оодарып салды”, - дейт депутат.