Жайкы сезон башталды! Чүй ОИИББи өспүрүмдөрдүн ата-энелерине билдирүү таратты

Жайкы сезондун келиши менен Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы эс алуучуларга, ата-энелерге балдардын коопсуздугу боюнча билдирүү таратты.

Чүй облусунун өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жыл сайын сууга түшүүдөгү кырсыктардан алдын алууга багытталган иш-чараларды, рейддерди байма-бай өткөрүп келет. Ошондой эле эс алуучу жайлардын ээлери ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Мындан улам бул жылы дагы Чүй ОИИББи өспүрүмдөрдүн коопсуздугу үчүн жөнөкөй эрежелерге көңүл бурууга чакырат.

- 5 жашка чейинки бөбөктөрдү көлмөгө же бассейнге жалгыз таштабоо зарыл. Балдар аз көлөмдөгү сууга да чөгүп кетиши толук ыктымал;

- Балдардын көлмөлөргө, тыюу салынган жерде сууга түшүүсүнө жол бербөө;

- Балдар аз убакыттын ичинде сууга чөгүп кетүүсү мүмкүн, андыктан аларды жалгыз таштап башка жумуштар менен алектенбөө;

Балдар арасындагы кырсыктарды алдын алууга ата-энелердин аткарган ролу чоң.

Чүй ОИИББи өспүрүмдөрдүн ата-энелерине билдирүү таратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан