Ысык-Көлдө тойдон келген кешиктин этине уулангандар ооруканадан үйлөрүнө чыгарылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда кыз узатуу тойдон алып келген кешиктин этин жеп уулангандардын абалы жакшырып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Ак-Суу райондук ооруканасынын директору Эркинбай Урманаев SUPER.KG порталына билдирди.

Дарыгердин айтымында, ооруканада жаткан 15 адамдын акыркысы 18-июнда үйлөрүнө чыгарылган. Учурда ууланган адамдардын баарынын ден соолугу жакшы.

Окуя 9-июнда Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында болгон. Анда айыл тургуну өзүнүн карындашын турмушка узатып, андан соң кошуналарына кешикке келген эттен ооз тийгизген. Тойдон келген этти жеген коңшулар ошол түнү өздөрүн начар сезип, ооруканага кайрылышкан. Башында алардын саны 19 адам экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur777
2019-06-20 20:53:51
Конечно этти Бишкектен бери ушундай ысыкта алып келгиче быкшыды да)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан