Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын судьялыгына Карыбек Дүйшеевди шайлады

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын судьялыгына Карыбек Дүйшеевди шайлады.

Анын талапкерлигине 85 депутат "макул", 15 эл өкүлү "каршы" деп добуш берди. Талапкер Карыбек Дүйшеевди депутаттарга президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды. "Ал жогорку билимдүү, Москва мамлекеттик университетин, СССР илимдер академиясынын аспирантурасын бүтүргөн. Юридикалык тажрыйбасы бар, Юстициянын мыкты кызматкери", - дейт Дыйканбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан