Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосундагы тамтыгы кетип, булгаарысы жешилген отургучтар жаңыланат. Мындай маалыматты мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Спорт ордосундагы 860 отургуч оңдолот. Отургучтардын поролону алмаштырылып, сырты жаңы материал менен капталып, бекемделет. Отургучтарды оңдоого жалпысынан 2 миллион 200 миң сом бөлүнгөн деп жазылат маалыматта.
6-апрелде Бишкек шаарына орусиялык ырчы Баста менен келген гитарачы Спорт ордосунун мышык ыйлаган абалын социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн. Андан сыры кеткен тактай пол, отургучтардын булгаарысы айрылган, жешилип, сүрүлгөн абалын көрүүгө болот. Гитарачы Николай Сарабьянов "Бишкек шаары. Убакыт машинасы бизди 30 жыл артка алып барды" деген. Бул билдирүүнүн алдына көпчүлүк кыргыз колдонуучулар Спорт ордосу үчүн уялып жатышканын жазып, президенттин жана башка бийлик өкүлдөрүнүн Инстаграмдагы баракчаларын белгилеп кетишкен.