Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында мамлекеттик ишканаларды башкаруунун натыйжалуулугу тууралуу маселе каралып жатат.
Анда фракция лидери Жыргалбек Турускулов 2017-жылы 2018-жылга салыштырмалуу мамлекеттик ишканалардын кирешеси өскөнүн айтты. "2017-жылдын аягында 99 мамлекеттик ишкана иштеген, ал эми иштебеген ишканалардын саны 780 болду. Мамлекеттик ишканалардын кирешесинде жалпысынан өсүш бар. 2017-жылы 923 миллион 800 миң сом түшсө, 2018-жылы 951 миллион 400 миң сом түшкөн. Бирок бул өсүш аз деп ойлойм. Мындан да 2-3 эсе көбөйткөнгө мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, “Ысык-Көл аврора" санаторийи 2018-жылы 89 миллион 400 миң сом киреше тапкан. Чыгымдары 86 миллион 700 миң сом болуптур. 50 пайыз кирешени которгондо бюджетке 1 миллион 300 миң сом түшүптүр. Бул каражатты бир айга бөлсөк 105 миң сомду түзөт экен. Кээ бир мамлекеттик ишканалардын кирешелери төмөндөп баратат. "ТНК Дастан" ишканасы 2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы кирешеси 132 миллион сомго азайган. 2018-жылы "Манас" эл аралык аэропорту 2017-жылга былтыр 97 миллион 300 миң сомго аз каражатты бюджетке которгон. Ошол эле учурда ал жакта 218 кишиге штаттык бирдик көбөйгөн. Киреше азайып жатса штаттык бирдикти көбөйтүүнүн кажети жок", - деди Турускулов.