Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында мамлекеттик ишканаларды башкаруунун натыйжалуулугу тууралуу маселе каралууда.
Анда депутат Бактыбек Райымкулов мамлекеттик менчикти ижарага берүү аркылуу бир жылда канча каражат бюджетке түшө турганын сурады.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Ренат Түлөбердиевдин айтымында, 2018-жылы менчикти ижарага берүүдө бюджетке 167 миллион сом бюджетке түштү. "2017-жылы 111 миллион сом, 2016-жылы 56 миллион сом ижарадан түшкөн. Быйыл 240 миллион сом каражат түшөт деп пландалып жатат", - деди Түлөбердиев.