Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында мамлекеттик ишканаларды башкаруунун натыйжалуулугу тууралуу маселе каралууда.
Депутат Таабалды Тиллаев "Караван" соода борбору мамлекетке өткөнгө чейин канча ижара акы таап келгенин сурады. "Аталган борбор мамлекетке өткөнгө чейин канча ижара акы таап келген? Мамлекетке өткөндөн кийин канча каражат ижара акы түшүп жатат?" - деп сурады депутат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Ренат Түлөбердиев "Караван" соода борбору боюнча мурунку маалыматтар жок экенин айтты. "2018-жылы 70 миллион 621 миң сом ижара акы түшкөн. Ай сайын 6-7 миллион сом ижара алып турабыз. 40 миллион сомдон ашык каражат бюджетке түшөт", - деди Түлөбердиев.