"Бакиевдердин үй-бүлөсүнө таандык улутташтырылган мүлктөн Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна 13 миллиард сом түшкөн" деп бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында аталган фонддун төрагасы Ренат Түлөбердиев билдирди.
Ал билдиргендей, фондго берилген объекттерден 8 жыл ичинде 13 миллиард 2 миллион сом алынган.
“Дивиденддер 10 миллиард сомду түздү. Мамлекеттик мекемеден 2 миллиард 8 миллион сом, имараттын ижара акысынан 7 миллион сом, менчиктештирүүдөн 330 миллион сом түшкөн", - дейт ал.
Фракция жыйынында мамлекеттик ишканаларды башкаруунун натыйжалуулугу тууралуу маселе каралды.