21-июнда "Ош базарынын" Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде соода кылган сатуучулар базарды тазалоо иштери баарына тегиз болбой бир эле жерде тазаланып жаткандыгына нааразы болушуп, маалымат жыйын өткөрүштү.
Алардын айтымында, Ленин районунун акимчилиги базардын айланасында жол боюнда соода кылгандарды тазалоо иштерин өткөрүп, сатуучулардын бир канчасына 3000 сомдон айып салган.
"Эмнеге алар бир эле Кулиев-Киев көчөлөрүндө тазалоо иштерин өткөрүшөт? Тазалоо иштери адилеттүү болсун. Мисалы, Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүндө деле жолдун боюнда соода кылышат. Базардын ичинде өрт өчүрүүчү машина кире албайт, ошол жакты да тазалашсын. Биз турган ордубузга күнүнө 50-100 сомдон төлөйбүз", - дейт соодагерлердин бири Кандил Мукумова.
Соодагерлердин билдирүүсүндө Киев-Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде 600гө чукул сатуучу жолдун боюнда соода кылышат.