Үч жылда мамлекеттик ишканалардагы каржылык мыйзам бузуулар боюнча 258 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов билдирди.
Анын айтымында, каржылык мыйзам бузуулардын көпчүлүгү "Кыргызпочтасы", "Кыргыз темир жолу" жана "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканаларында аныкталган.
Фракция жыйынында мамлекеттик ишканаларды башкаруунун натыйжалуулугу тууралуу маселе каралды. Жыйынга вице-премьер-министр Замирбек Аскаров башында турган өкмөт мүчөлөрү катышты.