Өлкөдө "Улуттук башкаруучу компания" түзүлдү

"Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коому түзүлдү. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бул чечим Мамлекеттик мүлктү башкаруу системин өркүндөтүү максатында кабыл алынды.
"Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык капиталына мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен түзүлүүдө.

"Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коомунун уставдык капиталынын бир акциясы 100 сом номиналдык наркы менен 100 миң жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнгөн 10 миллион сом өлчөмүндө аныкталды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна "Улуттук башкаруучу компаниянын" уюштуруучусу болуп, юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүү тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Flowhive
2019-06-21 15:47:42
Гендиректордун айлыгы канча
0
tular
2019-06-21 19:00:25
Эмне иш кылат болду экен???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан