Депутат балдарды Кореядагыдай гепатитке каршы эмдөөнү сунуштады. Министр буга акча жок дейт

Депутат Марлен Маматалиев өлкөдө балдарды гепатит В оорусуна каршы эмдөө жүргүзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-июнда парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, Кореяда мындай эмдөө жүргүзүлгөндүктөн гепатит В менен ооруган адамдар жокко эсе. "Бизде да ушундай кылсак жакшы болот эле. Айрым жерлерде санитардык абал начар болгондуктан гепатит В менен ооругандар көп болууда", - деди депутат.

Ал саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевден өлкөдө бул илдет менен ооруган адамдардын саны канча экенин сурады. Министр бул суроого жооп бере алган жок. Ал эми бардык балдарга эмдөө жүргүзүүгө акча издөө керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Avrora2017
2019-06-24 13:06:34
Акчанын баарын оозунор эле уурдап атсанар конешна анан жок дейсинерда ХХХХХХХХХ, эмдого даже акча издеш керек ушунча кедей мамлекет
+5
shankol88
2019-06-24 14:30:37
Башка эмдөөлөр бекер деп акча алтатгоо
+2
Agayu
2019-06-24 14:51:36
Булар торолек балдарына карыз алып жэшсе карапайым калктын торолек баласы карызга батат.Эмне деген Кыргызстан !!!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан