Акыркы 19 жыл аралыгында өлкөдө өнөр жай продукцияларын өндүрүү 6 эсеге көбөйгөн

Акыркы 19 жыл аралыгында өлкөдө өнөр жай продукцияларын өндүрүү 6 эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу 24-июнда Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында "Легпром" жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясынын жетекчиси Сапарбек Асанов билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта кен казуучу, тамак-аш өнөр жай жана курулуш материалдарын чыгаруу сыяктуу тармактар өнүгүүдө.

"2018-жылы өлкө аймагында жалпы суммасы 250,6 миллиард сомду түзгөн продукция өндүрүлүп, ал эми экспорттун көлөмү 1 миллиард 764 миллион долларды түзгөн.

2017-жылдын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 566, Чүй облусунда 471, Ош облусунда 199, Жалал-Абад облусунда 170 өнөр жай ишканасы болгон. Анда 288 миң 400 адам эмгектенип келген", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан