"Өнөр жайды өнүктүрбөй туруп өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн эмес" деп бүгүн, 24-июнда Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
"Өнөр жайды узак мөөнөттө өнүктүрүү көз карашын түзүп, аны ишке ашыруу жолдорун белгилөөгө аянтча түзүшүбүз зарыл. Бул маселелерди чечүү үчүн бизнес жана мамлекеттин ортосунда диалог аянтчасын түздүк. Өнөр жайды өнүктүрүү жана модернизациялоо максатында жагымдуу бизнес чөйрөнү калыптандыруу боюнча туруктуу негизде талдоо жүргүзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу биринчи орунда турат.
Экинчиден, бул мамлекет менен биргеликте Кыргыз өлкөсүнүн келечегин аныктаган ишкерлердин реалдуу катмарын түзүү. Маанилүү чечим кабыл алуу процессине тең укуктуу деңгээлде катышкан, өнүгүүнүн субъектиси болгон өнөр жайчылардын статусун калыптандыруу. Ишкерлер мамлекеттин жөн гана өнөктөшү болбостон, экономика чөйрөсүндөгү саясатка катышып, ага таасирин тийгизишин камсыз кылуу. Үчүнчүдөн, өнөр жай тармагына керектүү заманбап адистерди даярдоо жолдорун иштеп чыгуу. Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар жана соода саясатын өзгөртүүгө багытталган сунуштарды киргизүү", - деди.