Австриянын депутаттары Бишкекке келди

Австрия Республикасынын парламентинин Федералдык кеӊешинин президенти Инго Аппе Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келди.

Маалым болгондой, аны "Манас" эл аралык аба майданынан Жогорку Кеӊештин вице-спикери Мирлан Бакиров тосуп алды.

Иш сапар учурунда Инго Аппе жетектеген Австрия депутаттары Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушуп, парламенттер аралык кызматташтык, мыйзам чыгаруу айдыӊындагы мамилелердин келечеги туурасында пикир алышат. Ошондой эле расмий делегациянын курамы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барган соӊ "Ата-бейит" мемориалдык комплексинде 1916-жылдын курмандыктарын эскерип, гүлчамбар коюшат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан