Бүгүн, 24-июнда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйыны өттү.
Балык чарбалыгынын ассоциациясынын жетекчиси Ренат Досаев бүгүнкү күндө балыкты өндүрүү темпи өсүп жатканын баса белгиледи.
"2008-жылы балыкты өндүрүү 305 тоннаны түзгөн болсо, бүгүнкү күндө анын көлөмү 8 тоннага жетти. Бүгүнкү күндө балыкты экспорттоо боюнча жалпы суммасы 1 миллиард 100 миллион рублду түзгөн келишимге кол коюлган. Балык чарбалыгын өнүктүрүүгө бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар. Ал үчүн биринчи кезекте бул чарбалыкты жайыт комитетинен бөлүү керек", - деди ал.
Мындан сырткары ал өлкө аймагында күнүмдүк жашоодо балык азыктары көп колдонулбагандыктан бул нерсе улуттун ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатканы билдирди.