Сокулукта атасы тарабынан сабалган 3-5 жаштагы балдардын абалдары жакшы

Чүй облусунун Сокулук районунда атасы тарабынан сабалып, ооруканада жаткан 3 жана 5 жаштагы бир туугандардын абалы жакшырып калды. Бул тууралуу Сокулук аймактык ооруканасынын директору Совет Сооронбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, бир туугандардын улуусу 22-июнь күнү кечинде ооруканадан чыгарылган. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө жаткан 3 жашар наристе кечээ, 23-июнь күнү эртең менен саат 09:00дө палатага которулган.

Буга чейин эки бала атасы тарабынан сабалганын балдардын энеси SUPER.KG порталына билдирген. Бүгүн, 24-июнда Чүй ОИИББи 3 жана 5 жаштагы бир туугандарды сабаганга шектелип, алардын атасы кармалганын кабарлады.

Сокулукта 3 жана 5 жаштагы балдар сабалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан