Мирбек Атабековдун жаңы ыры Атамбаевдин арманыбы? Ырчынын жообу

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков күйөрмандарына "Бай болгом" чыгармасын тартуулады. Ыр угармандар арасында дароо эле талкууга алынып, "мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана айрым саясатчылардын арманы" дешүүдө. SUPER.KG порталы ырчы менен байланышып, талкуу жараткан чыгарма тууралуу маалымат алды.

"Мен бул чыгарманы толук иштеп бүтө элек болчумун. Белгисиз адамдар ырдын бүтө элек вариантын алып, интернетке таратып жиберишкенде аябай ичим күйдү, жиним келди. Себеби бул ырды күз мезгилинде чыгарайын деп даярдап жаткам. Интернетке тарап кеткенден кийин аз убакыттын ичинде иштеп бүтүш керек болду. Ал эми чыгарманын айланасындагы талкуулар боюнча айтсам, бул ырдын саясатка эч кандай тиешеси жок. Анткени мындан бир топ жыл мурда Якутияга барып, ошол жактан "Бай болгом" аттуу ырды Семетей деген жигиттин аткаруусунда уккам. Ырдын биринчи автору - Семетей. Кийин бул ырды аткарып чыгайын деп сөзү, обонуна өзүм оңдоо киргиздим, андан кийин Урмат Усенов тексттин айрым жерин жазып берди. Калганын Акбар Кубанычбеков жазды. Ошентип чыгарма студиямда 2-3 жыл мурда жазылып, кайра-кайра оңдолуп жатты.

Менин ыр казынамда алды 10 жыл мурда, акыркысы 2-3 жыл мурда жазылып, бирок бүгүнкү күнгө чейин угармандарга тартууланбай келген 30дай чыгармам бар. Алардын музыкасы, сөзү менин оюмдагыдай иштелип чыкканда гана күйөрмандарыма тартуулайм. "Бай болгом" аталышындагы ыр ошол чыгармалардын катарына кирет. Убагынан эрте чыгып кеткени өлкөдөгү саясий кырдаалга туш болуп калды. Ошол себептен ушундай талкуу болуп жатса керек. Бирок бул ыр ар бир адамга тиешелүү чыгарма деп айтып кетет элем", - дейт ырчы.

"Бай болгом"

Мен да бай болгом, чоң болгом,

Чөнтөккө акча жык толгон

Жанымда досторум көп эле күлүп ойногон.

Көнүмүш адатымды койбоптурмун,

Берилген ырыскыма тойбоптурмун.

"Түбөлүк жашай берем" дегенсип, ойлоптурмун.

Дагы, дагы, дагы чыда кичине,

Өтөр, кетер бул күндөрүң дечү эле.

Чыдай берем, чыдай берем, а бирок

Бүтпөйт эч эле.

А мына, мына колдо турат дегенче,

Кармагыча учуп кетет бир кезде.

Чыдай берем, чыдай берем, а бирок

Бүтпөйт эч эле.

Туй, ата.

Агатай деп сулуу кыздар жүрчү эле,

Мен күлсөм кошоматчылар күлчү эле

Мактаган сайын дардаңдаарымды баары билчү эле.

Бул байлыгым бүтпөчүдөй дептирмин,

Карапайым эл ырысын жептирмин

Жаман иштин кайра кайтып келерин билбептирмин.

Дагы, дагы, дагы чыда кичине,

Өтөр, кетер бул күндөрүң дечү эле.

Чыдай берем, чыдай берем, а бирок

Бүтпөйт эч эле.

А мына, мына колдо турат дегенче,

Кармагыча учуп кетет бир кезде.

Үмүт кылам, үмүт кылам, а бирок

Бүтпөйт эч эле.

Туй, ата.

Мен да бай болгом, чоң болгом,

Чөнтөккө акча жык толгон.

Жанымда досторум көп эле.

Туй, ата.

Агатай деп сулуу кыздар жүрчү эле, ой-ой-ой.

Мен күлсөм кошоматчылар күлчү эле, эх-эх-эх.

Дагы, дагы, дагы чыда кичине,

Өтөр, кетер бул күндөрүң дечү эле.

Чыдай берем, чыдай берем, а бирок

Бүтпөйт эч эле.

А мына, мына колдо турат дегенче,

Кармагыча учуп кетет бир кезде.

Бирок үмүт кылам ал күндөрүм баары бир келет тез эле,

Туй, ата.

Мирбек Атабековдун “Бай болгом” чыгармасы жарык көрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
dmd
2019-06-24 16:32:20
Баарынан да "Тууй, ата" деген жери жакты
+10
mirkaa5182
2019-06-24 16:34:18
Туй, ата бай болгом...
+7
mirkaa5182
2019-06-24 16:36:51
Мен да бай болгом, досторум көп болгон...
+5
voennyi88
2019-06-24 16:45:58
Атамбаевгего билбейм Бирок Туй атага куп жарашыптыр.
+6
warcaw
2019-06-24 17:02:28
Туй атаwбай болгон деп эле койбоптур...
0
KAYRATBEK
2019-06-24 17:40:09
Бирок даана экс-президентке арналып жазылгандай угулат экен.
+3
Agayu
2019-06-24 21:08:46
Кандай кундо бул ыр туура жазылган М Атабеков да бай болсо да элдин арманын тушунот ..
+7
Skarlett-Skarlett
2019-06-24 21:14:46
Мирбек менен сыймыктанышыбыз керек,ырларын Орусияда уялбай коюп бийлесен жарашат.
+5
munduz2016
2019-06-24 21:47:32
Жакшы экен, озгочо
+6
Sajakat14
2019-06-24 21:55:02
Мага жакты! Мирбек Атабеков рахмат эмгегиңизге! Чын ден соолукта болуңуз үй бүлөңүз менен! Чыгармачылык эргүү каалайм дагы сизге! Нукура кыргыз стилиндеги ырлар менен угуучуларды өзүңүзгө тартып алып турасыз! Бар болуңуз. Кыргыз эли сизди сыйлайт, колдойт, сыймыктанат! ⭐
+5
datkayimjan
2019-06-25 09:01:43
Туйга арналган окшойт. Туй деп атпайбы
+2
zinagull1996
2019-06-25 10:24:36
Мага жакты. Атабеков номер 1.
+1
Gorod3222
2019-06-25 10:43:55
Бул ыр баардык байларга арналган окшойтго
+2
aszyma
2019-06-25 11:52:25
Туй ким өзү?
0
Snejana
2019-06-26 00:26:09
"Туй ата"-деп туура эмес жазыптыр. Туй атта"-деп жазылат. Тундук диалектиде колдонгон соз.
-2
karakozum
2019-06-26 10:24:45
Snejana,туура эле жазылып турат. Айтылышында 2 т угулганы менен жазууга келгенде "ата" деп эле жазылат. Ишенбесенер грамматиканы окусанар)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан