Абайлаңыз! Өзбек жана Тажик өлкөлөрүнөн алынып келген дарбыз жана коондордо нитраттын өлчөмү нормадан жогору экени аныкталды

Өзбек жана Тажик өлкөлөрүнөн алынып келген дарбыз жана коондордо нитраттын өлчөмү көп экени айтылууда. Буга катар Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси Калыс Жумакановдун Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жөнөткөн каты жарыяланды.

Бул тууралуу инспекция жетекчисине кайрылганыбызда чындап эле текшерүү учурунда Кыргыз өлкөсүнө киргизилген дарбыз жана коондордогу нитраттын өлчөмү нормадан ашык болуп чыкканын тастыктап буларды билдирди:

"Текшерүү учурунда киргизилген дарбыз жана коондордо нитраттын өлчөмү нормадан 3 эсеге көп экени аныкталган. Бул нерсе жарандардын ден-соолугуна коркунуч туудурат. Буга байланыштуу инспекция Өзбек жана Тажик өлкөлөрүнөн киргизилип жаткан коон жана дарбыздарды кылдат текшерүүгө алууну суранып тиешелүү органдарга кайрылган", - дейт Жумаканов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Rusi79
2019-06-25 15:55:54
Уулап бутушмой болду го бизди уулу тамак аш менен эле кырышат окшойт бизди согушу жок эле
+4
Jasa
2019-06-25 16:02:36
Озубуздо дарбыз жокбу киргизбей койсо деле болсо керек
+5
kuttubekuzgen
2019-06-25 17:30:08
Jasa,кичине акыйкаттуу болуш керекда тууган, Казахстан биздин товарларды киргизбей койсо казактарды каргап шилеп болбой калабыз, анан озубуз мынтип кыргызстанга киргизбей койсо дейбиз, кичине эки жака карап пейлибизди ондойлу туугандар.
-6
Jasa
2019-06-25 17:35:31
kuttubekuzgen,казактар менен озбектер биздин товарды тытып,текшерип документин карап анан откорот откорсо, бизге окшош эмес алар тыйынды жакшы берсе киргизип ийгидей
+6
Taalai94
2019-06-25 22:22:27
Jasa,тыйынды берсен казактар деле киргизет унчыкпай.
-1
Sultanim
2019-06-25 16:21:32
Кылдат текшербей эле,киргизбейле койбойбу
+7
Chungyz
2019-06-25 16:31:57
Озубуздун отуз адыр дарбызын алалы
+3
Zhoro
2019-06-25 19:21:03
Киргизбегени го жакшы бирок биздикилер дарбыздын баасын булутка чейин жеткирбесе
+2
Omush94
2019-06-25 23:35:53
Эмнеге киргизесиңер киргизбей койгула.
+3
Birimdik5555
2019-06-26 00:41:27
Киргизсе деле сатып албай койсонор болду эч ким албаса оздору эле кирбей калышат
+3
Aikaaaa
2019-06-26 07:19:58
Бул өзбектериң убагында өзүлөрүнүн продукциясын сатып сатып алып, анан биздики бышкан кезде чек араны жаап салат экен да. Дарбыз, коонун жебей койсок кутулабызбы
-1
Kroxa
2019-06-27 07:30:17
Нитраты нормада болсо по документы эле карабай продукциянын баарын текшерип откорушсо элди да ойлоп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан