Матраимовдун сунушу менен аткезчилик маселесин парламентте кароо күзгө жылдырылды

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети менен биргеликте отуруму өттү. Анда ЕАЭБдин алкагында жана үчүнчү өлкөлөрдөн эсепке алынбаган, аткезчилик жолу менен ташылып келген товарлар боюнча өкмөт жүргүзүп жаткан иштер тууралуу маалымат угулду. Отурумга өкмөттүн жетекчилери жана тиешелүү органдардын башчылары чакырылган.

Анын жүрүшүндө депутаттар суроолорун берип, пикирлерин айтып жатышкан. Искендер Матраимов бул маселени күзгө калтырып, депутаттарды суроолорун кат түрүндө жөнөтүп, тиешелүү мекемелердин башчыларын жакшылап даярданып келүүгө чакырды.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Салайдин Айдаров аны менен макул болду. Ошентип, бул маселе парламентте октябрь айында карала турган болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан