Өкмөт Кыргыз өлкөсүндө уранды кайра иштетүүгө уруксат суроодо. Мындай пикирин бүгүн, 25-июнда Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Премьер-министр өз сөзүндө буга чейин министрлер кабинети өлкө аймагында уранды казууга тыюу салган токтом кабыл алганын айтты.
"Мыйзам долбооруна торий дагы кошулган. Биздин адистер учурда торийди иштетүүгө уруксат сурап жатат. Кара-Балта комбинаты уранды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Учурда алар уранды Казакстандан алып келүүдө. Биз комбинатка аталган кенди кайра иштетүүгө уруксат берүүнү сунуштап жатабыз", - деди Абылгазиев.
Буга депутат Алмамбет Шыкмаматов бул маселе буга чейин каралып уранды жана торийди кайра иштетүүгө тыюу салынганын айтты.
"Казакстан бул жерде уранды кайра иштетип, даяр продукт алып жатат, ал эми анын зыяндуу калдыктарынын баары бизде калат", - деди.