Испанияда мурдагы украиналык мушкер Владимир Кличкону күйүп жаткан яхтадан куткарып калышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кеме Ибица аралынан Мальорка аралына бара жаткан. Яхтанын ичинде Кличконун туугандары жана достору болгон. Аларды жээктеги коопсуздук кызматы куткарып калган.
Владимир Кличко - бокс боюнча оор салмактагы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону. Акыркы жолу 2017-жылы рингге чыккан. Анда атаандашы британиялык Энтони Жошуага утулуп калган. Ошондон кийин карьерасын жыйынтыктап, спорттон кетип жаткандыгын жарыялаган.