Орусияда 10 баланын энеси СИЗОдо ачкадан каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, каза болгон Наталья Ильина өткөн жылдын сентябрь айында алдамчылыкка шектелип кармалган. Маркумдун жактоочусу Ильина Нижегородский облусундагы СИЗОго которулгандан кийин жакындары менен жолугушууга тыюу салынып, тамак-аш алып барууга уруксат бербей коюшканын билдирген.
"Акыркы жолу аны сотко алып келгенде эс-учун жоготуп, өзүнө келгенде тамак сураган. Мен анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, ага медициналык жардам көрсөтүү керектигин айткам, бирок өтүнүч четке кагылган. Окуяга чейин бир жума мурун Ильина психиатриялык ооруканага жаткырылган. Бети көк ала болчу, түрмөдө катуу ур-токмокко алышканын айткан. Эртеси күнү эле каза болуп калды", - деп билдирген жактоочу. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуя боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.