Бишкекте балдардын катышуусунда сууда сүзүү сезону ачылды. Борбор калаадагы райондук администрациялар, шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыгы сууда сүзүү сезонунун ачылышына байланыштуу иш-чараларды өткөрүп жатышат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Шаардагы аквапарктардын биринде Ленин райондук администрациясы 150 балага майрам уюштурду. Салтка айлангандай саамалыктын башкы каармандары деңиз жана суу агымдарынын Кудайы Нептун болду. Райондун балдар чыгармачылык борбору майрамда концерттик программасын тартуулады.
Сууга түшүү сезонун Свердлов райондук администрациясы 200 баланын катышуусунда өткөрдү.