1-июлда Каракол шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта шаар күнү белгиленет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Майрамдык концертке эстрада ырчылары Гүлнур Сатылганова, Актан Исабаев, Аяна Касымова, Аяр, Жан Сабыров, Ильяз Андаш катышат. Ошондой эле Каракол шаарынын ардактуу атуулу Атай Өмүрзаков "Адем" бий тобу менен биргеликте өнөрлөрүн тартуулашат.
Андан тышкары Ашлян-фу фестивалы өтөт. Анда 1 жарым тонна ашлян-фу жасалып, уюштуруучулар "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизүүнү пландашууда.