Кечээ, 25-июнда Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутаты Урмат Самаевдин талапкерлиги парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына сунушталган. Быйыл январь айында Токмоктогу атышууга Самаевдин тиешеси бар экени айтылгандыктан коомдо анын аталган кызматка сунушталганы сынга кабылды.
Самаевдин фракциялашы Канат Исаев аны коргоп чыкты. "Урмат Самаев эч качан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары расмий катталган эмес. Экөөбүз бир райондон болобуз. Эгер күнөөсү болсо көрсөткүлө, ИИМ жана УКМК текшерсин. Самаев боюнча коомдо ар кандай сөздөр айтылып жатат, мындай сөздөр мен тууралуу да, ар бир адам боюнча да айтылышы мүмкүн", - деди Исаев.
Мындан тышкары ал Самаев комитеттин төрагасынын орун басарлыгына башка бирөөнүн ордуна эмес, бош орунга сунушталып жатканын белгиледи.
Учурда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы - Наталья Никитенко ("Ата Мекен"), анын орун басары - Искендер Матраимов (КСДП).