Кыргыз өлкөсүндө бүтүрүүчүлөргө диплом берүү үзгүлтүккө учуроодо. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлик атайын кат менен Мамлекеттик каттоо кызматына жана "Учкун" ачык акционердик коомуна кайрылышкан.
"Учкун" басмаканасы жогорку жана атайын орто билим жөнүндөгү дипломдорду даярдап бериши керек болчу. Билим берүү мекемелери 6-июнга тиешелүү документтерди бүтүрүп басмаканага жиберишкен. Бирок азыркыга чейин дипломдорду ала элек. Ал эми колуна алгандар болсо документтерде ар кандай каталар бар экенин айтып арызданышууда. Басмакана дипломдордун үлгүсүн министрлик менен биргеликте бекитпейт", - дейт басма сөз кызматы.
Аталган жагдайда чет элден келип билим алып жаткан гана студенттерге өзгөчө ыңгайсыздык жаралып жатканын жана алар өздөрүнүн элчиликтерине кайрылып, митингге чыгууга даяр экенин билдиргенин басма сөз кызматы кошумчалады.