Шаардын борборунда аскер техникасы эмне себептен турат? Милициянын жообу

Буга чейин социалдык тармактарда жана жергиликтүү басылмаларда Бишкек шаарындагы Эркиндик бульвары менен Тыныстанов көчөсүнүн ортосунда аскер техникалары, өрт өчүрүүчү унаалар жана милиция кызматкерлери жүргөндүгү тууралуу маалымат тараган.

Бул боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы төмөндөгүлөрдү билдирди:

"Эртең, 27-июнда Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт. Буга байланыштуу жыйын учурунда коопсуздукту жана тартипти сактоо үчүн даярдык иштери жүрүп жатат. Эч кандай өзгөчө кырдаал же окуу жүргөн жок. Шаар тургундарынын тынчсыздануусуна себеп жок", - дейт басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bond02
2019-06-26 19:47:40
Случайно бузулуп калган эмеспи?
+4
keba300989
2019-06-27 08:55:51
bond02,хахаха
+2
kano2124
2019-06-27 12:18:49
мындай акердик техниканы Кыргызс калкыкоро елек болчу да
+1
brentfo
2019-06-27 14:57:01
Бул техникалар биринчи болуп керек тууганым, жашайм десең.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан