Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл сууга чөгүп өлгөндөрдүн саны кескин өстү. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.
Министрдин орун басарынын билдиргенине ылайык, күн ысып, сууга түшүү сезону толук баштала электе чөгүп өлгөн адамдардын саны көбөйгөн.
"Былтыркы жылы ушул убакыт аралыгында жалпы 37 адам сууга чөгүп каза болсо, быйыл алардын саны 51ге жеткен. Бул коопсуздук эрежелерин сактабай тыюу салынган жерлерде сууга түшүүдөн улам болуп жатат. Мындан сырткары ата-энелерден суранарым балдарыңарды суу жээгине жалгыз жибербей, жакшылап көзөмөлдөгүлө. Азыркы тапта кызматкерлер мындай кырсыктарды алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат", - дейт Ахматов.
Мындан сырткары өлкө боюнча өз алдынча ачылган сууга түшүүчү жайлар текшерүүгө алынып, алардын сегизи жабылган.