Депутат Аалы Карашев: "Юрист болбогондуктан Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу процесси туура же туура эмес экенин айта албайм". КҮНСОБОЛ

Эртең, 27-июнда Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча чечим чыгарат. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу процесси туура болдубу?" деген собол салды.

Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев так бир пикирди айта албай турганын айтты.

"Бул маселе карала баштаганда Кыргыз өлкөсүндө эмес элем. Ошондуктан иштин хронологиясын жакшы билбей жатам. Өлкөгө келгенде депутаттык комиссиянын чечими Башкы прокуратурага жөнөтүлүп жаткан экен. Өзүм юрист болбогондуктан Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу процесси туура же туура болгон жок деп айта албай жатам. Комиссиянын жыйынтыгына добуш берүүгө катышкам", - деди Карашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан