Финпол журналист Али Токтакуновго өлкөдөн ири суммадагы акчалар чыгарылганы боюнча иликтөөсүндөгү документтерди тергөөгө өткөрүүнү өтүндү

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы журналист Али Токтакуновго ачык кат жолдоп, буга чейин Кыргыз өлкөсүнөн ири суммадагы акчалар чыгарылганы боюнча иликтөөдөгү документтерди тергөөгө өткөрүүнү өтүндү. Мындай кайрылууну аталган кызмат бүгүн, 26-июнда жарыялады.

"Сотко чейинки өндүрүшкө алынган иликтөөнүн алкагында "Кыргыз өлкөсүнөн 700 миллион доллар чыгарылып кеткен" деген иликтөө боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечими менен "Азаттык Медиа" жана Али Токтакунов жарыялаган банктык документтерди алууга уруксат берилген. Соттун чечими менен 2019-жылдын 13-июнунда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан соттун чечими тапшырылып, 18-июнь күнү документтердин айрымдары гана берилген. Тагыраагы, 4 миллион доллар акча-каражатынын которуулары боюнча 8 документтин көчүрмөсү өткөрүлгөн.

Бүгүнкү күндө иликтөөдө көрсөтүлгөн тергөөгө тиешелүү документтер толук өткөрүп берилген жок. Видеосюжетте көрсөтүлгөн 700 миллион доллардын өлкөдөн чыгарылганын тастыктаган эң негизги документтер да бериле элек. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы журналист Али Токтакуновго кайрылып, тергөөгө жардам көрсөтүп, мыйзамда көрсөтүлгөндөй өзүнүн милдетин аткарууга чакырат. Мындан сырткары башка документтер да текшерилип, жыйынтыктары жакын арада ачыкка чыгарылат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sakubek
2019-06-26 23:10:56
Атамбайдан кийин матраштар кетет окшойт
-1
Chungyz
2019-06-26 23:57:49
Финпол кунунор журналистке тушпой мукурабай озунордун ишинерди аткарбайсынарбы текшерип уят
+2
Birimdik5555
2019-06-27 00:42:15
Chungyz,не болуптур журналисттер жардам берсе
+1
Komrad
2019-06-27 07:59:02
Ошо да, журналист алган жерден алалбайбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан