Түштүк Кореядагы белгилүү жубайлар Соң Жуң Ки менен Соң Хе Кйо ажырашып жатышканын жарыялашты

Түштүк Кореядагы белгилүү жубайлар Соң Жуң Ки менен Соң Хе Кйо ажырашып жатышканын жарыялашты.

Актёр менен иштешкен Blossom Entertainment агенттигинин билдирүүсүндө жубайлардын ортосунда учурда ажырашуу процесси жүрүп жаткандыгы айтылат.

"Соң Жуң Ки менен Соң Хе Кйо ажырашуу чечимин кабыл алышты. Азыркы тапта ажырашуу процесси жүрүүдө. Түгөйлөрдүн үйлөнгөнүнө кубанып, колдоп келгендерге мындай кабарды жеткирип жатканыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Бул актёрдун жеке жашоосу болгондуктан негизсиз, жалган маалыматтарды таратпоого чакырабыз", - деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

Түгөйлөрдүн ажырашып жатканы тууралуу маалыматты актриса менен иш алып барган UAA агенттиги да билдирүү жасап ырастады. Ошондой эле ажырашууга атактуулардын ортосундагы айырмачылыктардын көптүгү себеп болгону айтылат.

Соң Хе Кйо 1981-жылкы болсо, Соң Жуң Ки 1985-жылы туулган. Жубайлар “Күндүн мураскерлери” сериалынан кийин кыз-жигит болуп сүйлөшүп, 2017-жылы 31-октябрда үйлөнүшкөн.

Маалымат үчүн:
Соң Хе Кйо – түштүк корей сериалдарынын сүйүүчүлөрүнө “Ва банктагы” ролу менен таанылган. Андан тышкары “Жүрөгүмдөгү күз”, “Хотельер”, “Куттуу үй”, “Ушул кышта шамал согот” сериалдарын белгилөөгө болот. Ал эми Соң Жуң Ки “Жакшы жигит”, “Рождество күнү кар жаайбы?” жана башка сериал-тасмаларга тартылган.

Белгилүү түгөйлөр Соң Жуң Ки менен Соң Хе Кйо ажырашууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
interpol
2019-06-27 09:47:19
Чын жүрөктөн баарибир
+4
12.12.12
2019-06-27 12:27:55
interpol,)))
+1
Adi010891
2019-06-27 14:08:06
Мунун бизге эмне тиешеси бар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан