АКШда 12 жаштагы бала ок атуучу курал менен ойноп жатып, эгизин атып алды

АКШда 12 жаштагы бала эгизин атып алып, алардын апасы камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 24-июнда Сан-Бернардино шаарында орун алган. Анда үйдө жалгыз калган бир туугандар ата-энесинин уктоочу бөлмөсүнө кирип андагы ок атуучу куралды алып чыгып ойношкон. Кокустан бири эгизин атып алган.

"Жаракат алган бала тез арада ооруканага жеткирилген, бирок кан көп кеткендиктен каза болуп калган. Полиция кызматкерлери тарабынан балдардын 45 жаштагы Габриэла Китон аттуу апасы камакка алынган. Учурда ал "балдарды коркунучка калтырган" деп айыпталууда. Балдардын атасы окуя болгон учурда ооруканада болгондугуна байланыштуу камакка алынган эмес", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан