Жайкы туристтик сезонго карата Тамчы-Ташкент авиакаттамы ишке кирди

Бүгүн, 27-июнда "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту быйылкы жылдын эсебинен Ташкенттен келген алгачкы жүргүнчүлөрдү кабыл алды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

"Өзбекстан хаво йуллари" авиакомпаниясынын Airbus A320 учагы 133 жүргүнчүсү менен көлдүн жээгине конду. 6-сентябрга чейин аптасына бир жолу каттам иштей турганы белгилүү болду. Билеттин баасы 18 000 сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан