Ысык-Көлдө сүннөткө отургузуу учурунда каза болгон 3 жашар баланын өлүмү боюнча комиссиянын корутундусу чыкты

Ысык-Көлдө 3 жаштагы бала сүннөткө отургузуу учурунда каза болуп калганы боюнча комиссиянын жыйынтыгы чыкты. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Мирбек Сагынбаев билдирди.

"3 жашар балага наркоз салган анестезиолог И.Г. кызматынан 1 айга четтетилди. Окуя болгондон кийин атайын комиссия түзүлүп, ага Ысык-Көл облустук ооруканасынын башкы хирургу Н.Токтосопиев, анестезиолог Ф.Жамангулова жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координаторунун орун басары М.Сүйүндүкова кирген. Текшерүүнүн жыйынтыгы 3 жашар бала анафилакциялык шоктон каза болгон деген корутунду чыгарган. Тагыраагы, балага наркоз сайылганда аллергиялык реакция жүрүп кеткен. Окуянын бардык жагдайлары аныкталганча, Ысык-Көл аймактык ооруканасынын анестезиологу кызматынан убактылуу четтетилди. Баланын жакындары соттук-медициналык экспертиза жасатуудан баш тартты", - дейт ал.

Ошондой эле Сагынбаев наркоз сайган анестезиологдун 30 жылдык тажрыйбасы бар экенин кошумчалады.

Ал эми Ысык-Көл РИИБи бул факты сотко чейинки өндүрүшкө алынганын билдирди.

"Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 152-беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө", - дейт басма сөз кызматы.

Окуя 9-июнь күнү ооруканалардын биринде орун алган. Анда сүннөткө отургузуу үчүн жалпы наркоз сайылгандан кийин баланын аллергиясы башталып, каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан