Тагдырды чечкен ката. Орусияда филолог болочоктогу күйөөсүнүн бир ката сөзү үчүн үлпөт тоюнан кетип калды

Орусиянын Нижегородск шаарында орус тилинен сабак берген 26 жаштагы Марина аттуу мугалим кыз үлпөт тойдун чечүүчү маалында күйөөгө тийбей тургандыгын жар салды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Окуянын күбөлөрү билдиргендей, үлпөт той жакшы эле өтүп жаткан. Убактысы келгенде болочоктогу күйөө Маринага "мен сенин колуңа шакекти кийгизип коёюн" деп айткан. Бул сөздөрдү уккан мугалим үлпөт тою өтүп жаткан жерден кетип калган.

"Мен 5 жылдан бери орус тилин жетишерлик деңгээлде билбеген адам менен сүйлөшүп жүрүптүрмүн. Ал мага колуңа шакекти кийгизейин деди. Бирөөгө бир нерсе кийгизсе болот, ал эми шакекти тагат. Мен мындай сабатсыз адамга турмушка чыга албайм. Ал мен үчүн көп жакшылыктарды жасады, бирок мен филологдун антын бергем. Анын катасын кечире албайм. Бүгүн ал туура эмес сүйлөсө, келечекте балдарыбыз туура эмес сүйлөйт", - деп билдирген Марина.

"Мен мындай келесоону жолуктура элек болчумун. Алгач мени пайдаланып, эми колуна шакекти кийгиси келбей жатат. Анткени бул орус тилинин эрежелерине жатпайт имиш. Мен шаардагы сыйлуу адамдардын биримин. Эми шакекти колуна кийгизеби, тагабы айырмасы жок, болгону колукту издөөгө мажбурмун", - деп жооп кайтарган 33 жаштагы Максим.

Ал эми никени каттап жаткан адам анын иш тажрыйбасында мындай окуя алгачкы жолу болуп жатканын айтып, таң калып жатканын жашырган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ziash85
2019-06-27 15:20:13
Бардык адам идеальный эмес да,жашоодо чооң олуттуу ката кетирген адам менен деле жашап жүрүшпөйбү .эгер азыр бир ката үчүн ушундай кылса жигит сүйүнө бериш керек тойдун бузулганына
+13
Abdizhapar
2019-06-27 15:39:45
Барып чечинип эс ал
+8
kechirmeni
2019-06-27 16:01:03
Урматтуу админдер, ушул создордун нукура орус тилиндеги суйломдорун да жазып коесуздарбы сураныч, биз да талдап мааани берип коелу
+6
Farra16gsin
2019-06-27 16:12:53
А бизде орус тилин билгендермес хахолдорун тилин билген журналистер бар володимир деген
-3
nurka_85
2019-06-27 16:39:13
Farra16gsin,Володимир адамдын аты, ал озгорбойт. Документтеги ысымды кантип озгортот. Жер- суунун жана адамдын аты озгортулбой жазылыш керек.
+4
Tursunbaev2017
2019-06-27 16:34:12
бул жөн гана шылтоо,эгер сүйсө бир ката эмес,миң катасы болсо деле тийет болчу,өзү тилчи экен үйрөтүп алат эле,болгону жигитти пайдаланды "Орус оюуна келгенди кылат"деген макал эске түшөт
+5
Bars88
2019-06-27 16:38:44
Шылтоо таппай аткандырда кантип качсам экен деп
+3
Kumarchik
2019-06-27 16:45:46
Орус оюна келгенин кылыт десе ишенчу эмесмин мына далил Бирок кыз реально ХХХХ экенсин
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан