Бишкекте 15 жаштагы Улукбек Мусаев 4 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу изделип жаткан баланын бир тууган эжеси Бурулай Мусаева билдирди.
Анын айтымында, иниси 24-июнь күнү Калыс-Ордо конушундагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.
"Атам шаарга жумуштары менен чыгып кеткенде иним кийимдерин чогултуп, үйдөн акча алып кетиптир. Ал кандай кийим кийип жүргөнүн билбейбиз. Бул тууралуу милиция кызматкерлерине дагы арыз жаздык. Инимди "Дордой" базары жактан көргөндөр болуптур. Акыркы жолу Калыс-Ордодогу дүкөндөрдүн биринен көрүшүптүр", - дейт ал.
Бурулай Мусаева сүрөттөгү инисин көрүп-билгендер болсо, төмөндөгү телефон номерлерге чалып байланышып коюуну өтүнөт.
Байланыш телефондору: 0776 43 59 63, +7 977 484-33-23 (WhatsApp).