Интернет айдыңында Арыс шаарында жергиликтүү адамдарды куткарып жаткан жоокердин сүрөтү талкууга түштү. Бул тууралуу Казак басылмалары жазып чыгышты.
Ал сүрөттө жоокер улгайып калган аялдын унаага түшүп кетиши үчүн тизелеп, аркасын тосуп берген. Казак өлкөсүнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей аталган сүрөт интернет тармагында көптөгөн "жакты" белгилерин алган.
"Сүрөттө Шымкенттин өрт өчүрүүчүлөрү Абылай Бабахан, Бексултан Миятулы, Усен Аскарулы Арыстын жашоочуларын шаардан эвакуациялап жатканда тартылган", - деп билдиришкен министрликтен.
Ал эми тизелеп жерде отурган жоокер Бексултан Миятулы улгайган аялга гана эмес, 15 адамга аркасын тосуп берген.